00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тизелеп ыйлайт экен, биз унчукпай турдук го! Нотр-Дамдагы өрт тууралуу пикирлер

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTПожар в соборе Парижской Богоматери
Пожар в соборе Парижской Богоматери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Париждин символуна айланган Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүндө 15-апрелде өрт чыгып, бир топ жерин тилсиз жоо жалмап кетти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Туристтердин сүймөнчүлүгүнө айланган тарыхый жайдагы жалын тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып, миңдеген адамдар социалдык тармактар аркылуу өкүнүчүн билдиришти.

Алардын арасында кыргызстандыктар дагы бар.

Мисалы, Бакай Алмаз аттуу колдонуучу "Нотр-Дам-де-Парини калыбына келтирүү үчүн 10 жылдай убакыт керектелиши мүмкүн экен" деди.

"Жылда 13-14 миллион зыяратчы кабыл алган 800 жылдык бул тарыхый мурасты дагы бир көрүүгө эми көптөрдүн өмүрү жетпей калышы ыктымал", — деди ал.

Дилбар Алимова аттуу колдонуучу чиркөө кайра калыбына келтирилерине үмүт кыларын билдирди.

 

"Парижге барып, ушул жерлерди аябай көргүм келчү. Баргыча кайра оңдолот деген үмүттөмүн", — деди Алимова.

Ал эми Абдыбек Казиев Париждеги өрттү Бишкектеги Тарых музейинде чыккан өрт менен салыштырды.

"...Кыргызстандагы дал ушундай зор байлыктын бир бөлүгүн тарых музейдеги өрт жалмап салганы уу-дуу кеп менен эле тим болду. Эч нерсе болбогондой, кудум чириген жалбырак, таштанды күйгөндөй. Эми Францияда кандай аракет, кандай чара же жаза болоорун байкап туралы", — деди Казиев.

Журналист Али Токтакунов Кыргызстандагы тарыхый баалуу объектилерди өрт коопсуздугуна бир текшерип коюуну сунуштады. 

"...Ушул мүнөттөрдө дүйнө бүт тарыхый, маданий, стратегиялык жайларынын коопсуздугун дагы бир ирет көздөн өткөрүүдө го деп ойлойм (негизи ушундай кылышат). Жаман айтпай жакшы жок, биздикилер да текшерип коюшар. Ушундай кырсыктар, коңшу өлкөлөрдө үйлөрдөн газ баллон жарылса эле жүрөк болкулдап баштайт. Биз да, баалуулуктарыбыз да аман болсок экен", — деп аяктайт анын посту.

Тарыхый мурастын кырсыктаганына ичи ачышкандардын арасында Бактыгүл Чыныбаева дагы бар. 

"Адамдын эмоциясынан жаралган мыкты тарыхый мурас өрттөнүп жатканы ичти ачыштырат. Анан да адамзат ошол кырсыкта биригип, бир муштум болгонун караңыз. Мен да көзүмө жаш алдым", — деп кейиди интернет колдонуучу.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Нотр-Дам чиркөөсүнүн өрттөнүшү боюнча көңүл айтты
Фотограф Влад Ушаков Париждеги тарыхый жайдын күйүп кеткени албетте өкүнүчтүү экенин айтып, бирок мындай трагедиялар өзүбүздүн Кыргызстанда эле байма-бай болуп жатканына кейиди.

"Акыркы 20 жылдын ичинде Бишкектеги Терентьевдин үйү баш болгон тарыхый жайлар талкаланды. Каракол шаарынын тарыхый бөлүгү Кытайдын арзан ламинатынын туткуну болду. ЮНЕСКОнун колдоосунда деп айтылган Сулайман-Тоонун абалын карабайсыңарбы", — деп жазды Ушаков.

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрттү Кыргызстандагы окуялар менен Bektur Edelweiss аттуу колдонуучу дагы салыштырды. 

"Жалындап жаткан чиркөөнүн алдында тизелеп отуруп алып ботодой боздогон париждиктерди көрдүңөрбү? Алар минтип аза күтүп жатышат. Анткени "Нарын" рестораны бишкектиктер үчүн кандай маанилүү болсо, Нотр-Дамдын француздар үчүн кадыры ошондой. "Нарынды" бузуп же өрттөнүп кеткенин элестетип көрсөңөр. Биз деле ыйламакпыз, туурабы..?" — деп безге сайгандай суроо салды.

Өрт чалган чиркөө тууралуу кеңирирээк билгиңиз келсе, Sputnik агенттиги даярдаган фактыларды окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0