Үч дүйнө! Жаш акындардын поэзия кечеси өтөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 12-апрель күнү "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Борбор калаада жаш акындардын "Үч дүйнө" деп аталган поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, поэзия кечесинде акын Акбар Кубанычбеков, Адилет Зарылбек уулу, Акжол Доранбек уулунун чыгармалары окулуп, эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолот.

Уюштуруучулар иш-чара 12-апрель күнү "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда 17:00дө башталарын кошумчалашты.

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0