БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Сокулукта сөөгү табылган эркек кишинин колунда курал болгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Өлгөн киши тууралуу маалымат 9-апрель күнү саат 8.50дө түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери европа тегиндеги киши башка ок жегенин аныктаган. Маркум Шопоков шаарынын 39 жаштагы А.Т. аттуу тургуну болуп чыкты.
"Адамдын сөөгү Toyota унаасынын арткы орунтугунда экен. Колунда 12-калибрдеги курал табылды. Кандайдыр бир зомбулуктун белгиси аныкталган жок. ТОЗ-34 мылтыгы документ боюнча маркумга таандык", — деп айтылат маалыматта.
Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Тергөө иштери уланып жатат.