Кыргызстанга кызыккан чет элдик интернетке өлкөнүн атын жазса мамлекетте болгон революциялар чыгат. Анын ордуна маданий жаңылыктардын чыгуусуна шарт түзсөк, келчү туристтердин саны көбөйөт. Мындай пикирин Алтынбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туристтер келе турган өлкөсү тууралуу алгач маалыматты интернеттен алат.
"Интернеттен биздин мамлекет тууралуу маалымат алайын деген туристтердин көзүнө биринчи эле өлкөдө болгон саясий окуялар урунат. Анын ордуна маданий жаңылыктардын көбүрөөк чыгышына шарт түзүш керек. Башкача айтканда, өлкөнүн имиджин көтөрүү зарыл. Азыркы кезде дүйнөдөгү туристтер келе турган өлкөсү жөнүндө алгач эле маалыматты сайттардан карап, блогерлердин жазганын окуп, ошого жараша саякаттай турган жерге кызыга баштайт", — деди Исмаилов.
Ал Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына да белгилүү 10 блогер чакырылып, алардын жазганын көптөгөн чет элдиктер окуганын кошумчалады.