Африкада пил аң уулап жүргөн браконьерди өлтүрүп, сөөгүн арстандар жеп алды

© AFP / SIMON MAINAПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя өткөн аптада болгон.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Түштүк Африка Республикасындагы улуттук паркта пил аң уулап жүргөн браконьерди өлтүрүп салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Окуя өткөн аптада болгон.

Бир нече браконьер корукка кирип келип, аңчылык кыла баштаган. Ошол маалда пил бир адамга кол салып, өлтүрүп койгон.

Достору анын сөөгүн жолго алып чыгып таштап, өздөрү коруктан чыгып кеткен. Көп өтпөй маркумдун жакындары окуя тууралуу полицияга кабар берген.

​Жыйынтыгында жерине барган полиция кызматкерлери адамдын башы менен шымын гана табышкан. Маркумду арстандар жеп салганы айтылды.

Полиция корукка кирген башка үч адамды камакка алды. Аларга мыйзамсыз курал алып жүрүү, улуттук парктын аймагына кирүү жана аңчылык беренелери боюнча айып тагылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0