00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Муну жөн койбойбуз! Хоккей чыры боюнча федерация башчысы үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол курама командасынын оюнчусу. Архив
Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпионатына катышмак. Бирок анын тайпадагы жеңиштери жокко чыгарылды.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын федерациясы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдештердин жыйынтыктарынын жокко чыгарылышы боюнча чечим менен макул эмес. Бул тууралуу федерациянын башчысы Анвар Оморканов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

6-апрелде Кыргызстандын курамасы өз тайпасындагы акыркы атаандашы Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчуларын жеңип, лидер болгон болчу. Мындай жеңиш өз кезегинде кыргызстандык оюнчуларды хоккей боюнча чемпионаттын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек. Бирок хоккей боюнча Эл аралык федерация улуттук команданын курамында Россияда ойногон Александр Титов да болгон деген негиз менен буга чейинки төрт жеңишти жокко чыгарган.

"Бириккен Араб Эмирлиги футбол боюнча Азия чемпионатындагыдай эле күрөшпөй туруп жеңишке жетүү боюнча өз чеберчилигин көрсөттү. Биз курамында белорустар ойногон арабдар менен финалга чейин жеткенде Бириккен Араб Эмирлиги биздин оюнчуга даттанып, Эл аралык федерацияга ката кетип калганын кыйытып, буга чейинки беттештердин жыйынтыктарын жокко чыгарууну сунушташты. Буга, албетте, башка командалар макул болду. "Биздин футболчуларга жасаган кылыгы үчүн өч алдыңар" деген күйөрмандарга жана биздин оюнчуларга ыраазычылык билдирем", — деди Оморканов.

Федерациянын башчысы финалдык оюн абдан кызыктуу болгонун жана биздин оюнчулар жеңишти жулуп алганын белгиледи.

Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
FIFA жаңы рейтингин жарыялады. Кыргызстан кайсы орунда?
"Биз муну жөн койбойбуз. Бул чечимди жокко чыгарганга аракет кылабыз. Эң башкысы, биздин оюнчулар муз талаасында ким күчтүү экенин көрсөтүштү", — деди ал.

Федерациянын вице-президенти Мурат Жакыпов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы хоккей боюнча Эл аралык федерацияга чечимди жокко чыгаруу боюнча петиция жөнөтө турганын билдирди.

Алар май айында боло турчу конгрессте өздөрүнүн жүйөлөрүн келтирет. Жакыпов кандай гана болбосун кыргызстандык оюнчулар жеңүүчү болгонун жана ага бүт дүйнө күбө экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0