Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда +16…+21, Таласта +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +14…+19 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто абанын температурасы +20…+22 градуска жетсе, Бишкекте +19…+21 градуска көтөрүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0