Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Айрым облустарда үшүк жүрүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 7-апрелде Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Төө-Ашууда жайкы дөңгөлөк менен бараткан фуралар тыгын жаратты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашууда жайкы дөңгөлөк менен бараткан фуралар тыгын жаратты. Видео
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Таласта +14...+19, Ысык-Көл аймагында +13...+18, Нарын жергесинде +12...+17 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Ошто +15...+20, борбор калаада +12...+17 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0