Бишкекте жолго дарак кулап, кыймыл үзгүлтүккө учурады. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуВ Бишкеке на проезжую часть улицы Тыныстанова упало дерево
В Бишкеке на проезжую часть улицы Тыныстанова упало дерево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү эртең менен Тыныстанов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде дарак кулаган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Борбор калаада унаа жолго дарак кулаганын окуянын күбөлөрү "Бишкек сегодня" Telegram каналы аркылуу кабарлап, сүрөтүн жиберди.

Окуя бүгүн, 6-апрелдин таңында, Тыныстанов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Мунун кесепетинен жол жабылып, унаалар өтө албай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар жок. 

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу Борбор калаада унаа жолго дарак кулаган
Бишкекте жолго дарак кулап, кыймыл үзгүлтүккө учурады. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада унаа жолго дарак кулаган

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык уюму аталган жолдо кызматкерлери иш алып барып жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0