Мэрия жарандарды короо-жайын иретке келтирүүгө чакырды

Жазылуу
Октябрь районунун аймагы иретке келтирилип, тазаланып, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулууда.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды жашаган жерин, короо-жайын иретке келтирүүгө чакырды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу
Ушу тапта Октябрь районунун аймагы иретке келтирилип, тазаланып, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулууда.

Иретке келтирүү иштерине жергиликтүү тургундар менен аймактагы комитеттердин өкүлдөрү катышкан.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын активдүү болууга чакырып, тазалоо иштерине катышууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0