Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Жазылуу
Чек араны убактылуу жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кытайда маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу эки мамлекеттин чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары 5-апрелден 7-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек араны убактылуу жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн.

Аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 8-апрелден тарта кадимки тартипте иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0