Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршембиде республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 3-апрель, шаршемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл өрөөнүндө айрым учурларда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16... +21, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +11... +16, Таласта +15... +20 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Ошто +18...+20, борбор калаада +19... +21 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0