Өзүмөн кичүү жигит менен жашайм, бирок корком... Аялдын каты

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүУктоочу бөлмө. Архив
Уктоочу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жаш баланы үстүнө киргизип алган аялдын каты жарыяланды.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым төшөктө салкын. "Ыраазы" болбогон эркектин каты
Өмүрүмдү жумушка арнап койгом. Жашым 40тан ашты, ишкерлик менен алектенем. Сыртка товар экспорттоп, соода кылам. Өзүм эле эмес, бир туугандарымды да бутуна тургуздум. Айтор, жашоом жакшы.

20 жашымда турмушка чыгып кайын журт, күйөөм менен жылдызым келишпей, бир жылдан кийин ажырашып кеткем. Балалуу да болгон эмеспиз. Ошондон баштап белимди бекем бууп алып иш деп жүрүп 40 жаштан кантип өтүп кеткенимди билбей калдым.

Былтыр өзүм менен чогуу иштешип жүргөн бала менен ымалабыз келишип чогуу жашап калганбыз. Ал менден 7 жаш кичүү. Ал да аялы менен аз эле жашап ажырашып кетиптир. Өзү билимдүү, тартиптүү, жакшы бала. Бирок ал баланы мен жакшы көрөм. Ал дагы мени сыйлап, жакшы көрөрүн айтат. Балалуу болууну ойлоп жүрөм, пландап жатабыз.

Бирок бирге турушубузга экөөбүздүн тең ата-энелерибиз каршы чыккан. Апам "жаш бала сенин акчаңа карап эле жүрөт, убакыт өтсө таштап кетет" деп көп айтат. Жакында эле анын да апасы келип "баламдын башын айландырып алгансың" деген ар кандай сөздү айтып кетти. Ошондон бери эмне кылышты билбей жүрөм.

Көп эле жолу белек-бечкегимди берип кайын журтума жакшы мамиле жасоого аракет кылдым. Бирок таптакыр кабыл албай коюшту.

Психологго кайрылып жаткан себебим да ушул. Негизи эле жаш бала менен жашап жатканымдын өзү туурабы? Бала төрөп берип, никебизди расмий түрдө каттатсак, ата-энеси кабыл алабы? Же убара болбой эле мамилебизге азыр чекит коюшум керекпи?

Психолог Кадиян Бообекова

Өзүңүздөн кичүү бирѳѳ менен жашап жатканыӊызга айланадагылар каршы болуп жатат деп коркуп жатыпсыз. Негизи жеке жашооңузга туугандарды аралаштырбаш керек эле. Бирок алардын жүгүн кошо артып жүрүп аралаштырганга көнүп алсаңыз керек.

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум "кыз эмес келгенсиң" деп кордук көрсөтчү болду. Жаш келиндин каты
Жаныңыздагы киши менен жарандык никедебиз деп жатасыз. Муну менен анын да жүгүн кошо тартып жаткан жоксузбу? Ага ишенесизби? Эгер ишенсеңиз, анда кооптонуунун кереги жок. Толук кандуу үй-бүлө болуш үчүн расмий никеге туруш керек. Эгер ага чогуу жашаган адам макул болбосо, демек анын сиз менен түбөлүк жашоо оюнда жок.

Расмий нике болгондо гана чыныгы үй-бүлө курулду деп эсептелип, мыйзам алдында да жоопкерчилик болот. "Карысам таштап кетпейби?" дейсиз. Ага эми эч ким кепилдик бере албайт. Бул эми башка маселелер менен салыштыра келгенде чоң деле көйгөй эмес. Анткени ортосунда жаш айырмачылыктар менен жакшынакай деле жашап жаткан бүлөлөр бар. Башкысы чогуу жашап жаткан адам расмий никеге туруп, жоопкерчилик алганга даярбы? Сиз дагы аны күйөө катары эсептеп, аны менен бирге түтүн булатып, анын аялы болууга даярсызбы? Анализдеп көрүңүз.

Балким жөн гана көнүп калуудур же кийин жалгыз калуудан коркуп эле бул адам менен жашап жаткандырсыз. Ички сезим-туюмдарга таянып так анализ жасаңыз. Мындай учурда адам өзү ары-бери жагын карашы керек. Эгер ал адам сизди чындап эле жакшы көрүп, түбөлүк жашоого даяр болсо, ал көзүнөн, жасаган мамилесинен эле билинип калат. Ошол нерсени да байкап көрүңүз.

Эң башкысы, экөөңөр кандай чечим кабыл алсаңар да ата-эне балдарынын бактылуу болушун гана каалайт. Ошондуктан жаш кыз эмессиз. Бардык нерсени экөөңөр гана чечесиңер. Ачык сүйлөшүп, эгер чындап эле бирге түтүн булатууга даяр болсоңор, никеңерди расмий каттатып толук кандуу үй-бүлө болушуңар керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0