Боом капчыгайында чөп өрттөнүп, үч жылкы күйүп кетти. Видео

Жазылуу
Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеди.

Тоң районунун 144-145-чакырымында тоодо кургак чөп күйүп, беш сааттан кийин өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чыкканы тууралуу маалымат 23-март күнү саат 11.36да түшкөн.

"Жерине эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Кырсыктын кесепетинен үч жылкы күйүп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалын толугу менен саат 16.45те өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0