БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. 23-мартта республиканын басымдуу бөлүгүндө жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Таласта +15…+17 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көлдө +13…+15, Нарын жергесинде 0…+5 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +16…+18 градуска жетет.