БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 20-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +14…+19, Талас облусунда +16…+18 градус жылуу болот.
Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +13…+18 градуска жетери болжолдонду.
Ысык-Көл аймагында +9…+11, Нарын облусунда +6…+8 градус болмокчу.
Ош шаарында жамгыр жаап, абанын температурасы +15...+17 градус болсо, Бишкекте күн ачык болуп, күндүн табы +16…+18 градуска көтөрүлөт.