00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек шаарын таза жана кооз кылуу үчүн кандай иштер жүрүп жатат?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
С1+5 саммити. АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин баалуу кен байлыктарына кызыгуудабы?
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От первых шагов до зрелости: как вырастить здоровое поколение — беседа с педиатром
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мектеп башкаруусундагы жаңычылдык: форумдагы негизги маселелер жана чечимдер
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Русский язык — язык дружбы»: как он соединяет культуры Евразии
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдар үчүн коопсуз интернет — кибербуллингден кантип сактанууга болот?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет КНУ: как главный вуз страны меняется и вдохновляет - разговор с ректором
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Музыка менен жашаган өмүр: Жамила Маматованын чыгармачылык мурасы
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
О призвании, науке и человечности: разговор с Александром Новиковым
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектеп башкаруусундагы жаңычылдык: форумдагы негизги маселелер жана чечимдер
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ала-Тоого куса болуп жүрүп Германияда көз жумган. Герцен жөнүндө 6 факты

© Sputnik / В. Коротаев / Медиабанкка өтүүБелгилүү сүрөтчү Теодор Герцен. Архив
Белгилүү сүрөтчү Теодор Герцен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү сүрөтчү Теодор Герцендин туулган күнү. Өмүрүн сүрөт өнөрүнө арнаган инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок.

 

Sputnik Кыргызстан агенттиги аны эскерип, ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Согуш жылдарындагы балалык. Теодор Герцен 1935-жылы 15-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Балалык кези согуштун оор жылдарына туш келип, алгачкы билимди өз атасынан алган. Себеби ал чыгармачылыкка жакын, китепкөй адам болгон экен. Кийин согуш башталып үй ээси Уралга эмгек фронтуна жөнөтүлөт. Жаш талант мектепти аяктаган соң 16 жашында Кызыл-Кыядагы тоо-өндүрүш училищесин бүтүрүп, Баткендеги шахтада машинист болуп иштей баштаган.

Кыял жетелеген өнөр. Бала чагынан баштап сүрөтчү болууну эңсеген жигит шахтадагы жумушун таштайт. Фрунзе шаарындагы Көркөм өнөр училищесине тапшырып, аны 1959-жылы аяктаган. Ошол жылы окуусун Москвада улантууга аракет жасап өтпөй калат. Бирок кийинки жылы Строганов атындагы Көркөм өнөр-өндүрүш жогорку окуу жайынын монументалдык-декоративдик живопись факултетинде билим ала баштайт. Ал ЖОЖду 1966-жылы бүтүрүп, туулуп-өскөн мекенине кайтып келип, чыгармачылыкка бел байлаган.

© Sputnik / Абрам Штеренберг / Медиабанкка өтүүТеодор Герцен 1935-жылы 15-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.
Ала-Тоого куса болуп жүрүп Германияда көз жумган. Герцен жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Теодор Герцен 1935-жылы 15-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.

Тоолук сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү пейзажды мыкты тарткан. Ал "Кыргыз тоолорунун күүсү" аталышындагы атайын сериянын автору. Герцен өзүнүн чыгармачылыгын эскерип отуруп, кыргыз тоолору менен жаратылышын ондогон жылдар бою тартып бүтө албагандыгын айткан жайы бар. Чыгармачыл инсан өлкө аймагын кыдырып, таң эрте туруп алып тоо аралап сүрөт тартканды жакшы көргөн. Кийин Германияда жүргөн маалда дагы кыргыз тоолорун сагынгандыгын жашырган эмес.

"Манас" менен алышкан жылдар. Таланттуу сүрөтчү кыргыз элинин дүйнө жүзүнө белгилүү "Манас" эпосундагы окуялары менен каармандарын иллюстрациялоого сегиз жыл кетирген. Ал эмгектер кийин Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда чыккан төрт томдуктун ичине кирген. Бул сүрөттөр кыргыз көркөм өнөрүндөгү эң баалуу эмгектердин бири катары саналып, башка сүрөтчүлөр тарабынан да жогору бааланган, азыркыга чейин колдонулуп келет. Сүрөтчү кыргыз жомокторун дагы иллюстрациялаган.

Көп кырдуу сүрөтчү. Теодор Герцендин: "Мен сүрөтчүмүн, чыгармачылык мен үчүн жумуш эмес, бул менин жашоо образым",- деген сөзү бар. Ал бир учурда эле ири монументалдык живопись жана кичинекей иллюстрация менен да алектенген. Ошондой эле ал Ош шаарындагы улуттук драма театрынын тышкы жасалгасын, эскизин иштеп чыккандардын бири.

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүГерцен өзүнүн чыгармачылыгын эскерип отуруп, кыргыз тоолору менен жаратылышын ондогон жылдар бою тартып бүтө албагандыгын айткан жайы бар. Чыгармачыл инсан өлкө аймагын кыдырып, таң эрте туруп алып тоо аралап сүрөт тартканды жакшы көргөн.
Ала-Тоого куса болуп жүрүп Германияда көз жумган. Герцен жөнүндө 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Герцен өзүнүн чыгармачылыгын эскерип отуруп, кыргыз тоолору менен жаратылышын ондогон жылдар бою тартып бүтө албагандыгын айткан жайы бар. Чыгармачыл инсан өлкө аймагын кыдырып, таң эрте туруп алып тоо аралап сүрөт тартканды жакшы көргөн.

Ала-Тоону сагынып жүрүп.... Жаны танбаган жана дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн сүрөтчү Диль-Фируз Игнатьевага үйлөнүп эки баланы тарбиялап өстүргөн. Эгемендүүлүк жылдарында ден соолугуна байланыштуу Германияга кетип, ал жакта убактылуу жашап турган. Герцен айыккыс оорудан Европада дарыланып жүрүп 63 жашында Кыргызстанга жетпей көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0