11-мартта Кыргызстанга дайындалган Кытай мамлекетинин жаңы элчиси КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго ишеним грамотасынын копиясын тапшырды.
Мурдагы элчи Сяо Синьхуанын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы 2019-жылдын февраль айында соңуна чыкты.
Ду Дэвэнь 1964-жылы Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Чунцин шаарында жарык дүйнөгө келген.
Эмгек жолун 1989-жылы Кытай ТИМинин алдындагы СССР жана Чыгыш Европа иштери боюнча департаментте эмгектенүүдөн баштаган.
- 1991-1993 — Кытайдын Россиядагы элчилик кызматын аркалаган;
- 1993–2000 — Кытай ТИМинин алдындагы Чыгыш Европа жана Борбор Азия иштери боюнча департаменттин III катчысы;
- 2000–2001 — Кытайдын Тажикстандагы элчилигинин I катчысы;
- 2001-2004 — Чыгыш Европа жана Борбор Азия иштери боюнча департаменттин жетекчиси;
- 2004–2008 — Кытайдын Россиядагы элчисинин кеңешчиси;
- 2008-2011 — Кытайдын мунай жана химиялык корпорациясынын Нефтини иштетүү жана чалгындоо боюнча эл аралык корпорациясынын башкы директорунун орун басары;
- 2011–2014 — Кытайдын Алматыдагы башкы консулу;
- 2014–2019 — Кытай ТИМинин Чет элдик иштерди жөндөө боюнча департаментинин директорунун орун басары;
- 2019-жылдын февралынан тарта Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси.
Үй-бүлөсү бар, бир кыздын энеси.