Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына 10 миңден ашуун бак отургузулат

Жазылуу
Көчөт отургузуу иштери 16-марттан башталат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Жашылдандыруу" ишканасы Көк-Жар жаңы конушу тарапка 10 миңден ашуун дарак отургуза баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Жалпы жонунан 5084 жалбырактуу, 2 822 ийне жалбырактуу бак жана 2522 түп бадал тигилет.

Мындан тышкары, 137,7 түп тосмо болуп берчү бадал жана 2,2 миллион даана бир жылдык гүлдөр отургузулмакчы.

Көчөт тигүү иштери 16-марттан тарта башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0