БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Москвада кыргызстандык башкарган такси жарык орнотулган түркүктү сүзүп эки адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына шилтеме берип жазды.
Жол кырсыгы 8-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.40тар чамасында Братиславский көчөсүндө болгон. Айдоочу оор жаракат алган эмес.
"Текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынат", — деп башкармалыктан билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.