Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / NICHOLAS KAMM Ливень в Вашингтоне
Ливень в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 9-мартта республика боюнча жаан жаап, айрым аймактарда карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Таласта +7…+9 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13, Ысык-Көлдө +3…+8 жылуу, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, абанын температурасы Ошто +9…+11, Бишкекте +8…+10 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0