Европадагы жылдын эң мыкты унаасы аталды

© AFP / Fabrice COFFRINIЖеневский международный автосалон 2019
Женевский международный автосалон 2019 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрокар толук батарейка менен 470 чакырым жүрө алат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Женевадагы автосалондо Jaquar I Pace аттуу электрдик кроссовер 2018-жылдын мыкты унаасы аталды. Бул тууралуу Motor 1 порталы жазды.

Негизи Британиянын электрдик кроссовери Франциянын Alpine A110 спорткары менен бирдей упай (250) алган. Бирок калыстар тобунун добушу менен алдыга озуп кетти. Тагыраагы, Jaquar I Pace калыстардын 18 добушун, Франциянын Alpine A110 унаасы 16 упай алды.

Үчүнчү орунду Kia Ceed хэтчбеги алса, төртүнчү орунга Ford Focus татыды.

I Pace — Jaquar компаниясынын тарыхындагы биринчи электрокар. Унаанын 400 аттын күчүнө барабар эки кыймылдаткычы бар. Толук батарейка менен 470 чакырым жүрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0