Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 2-мартта республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Таласта +10…+12 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көлдө +4…+6, Нарын жергесинде -3…+2 градус болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +12…+14, Бишкекте +13…+15 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0