Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу

Жазылуу
Бишкек шаарында кыргызстандык дарыгерлердин тобу гемодиализге түшүп калган 22 жаштагы Рысбек уулу Нурболотко атасынын бөйрөгүн салды.

Трансплантация Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда башкы дарыгер Камчыбек Узакбаевдин жетекчилиги алдында бир нече врачтардын эмгеги менен жасалган.

Sputnik Кыргызстан дарыгерлерге, бейтапка жолугуп, мындай өзгөчө кабардын чоо-жайын билип кайтты.

Дарыгерди ээрчип, тепкичтен тепкич алмаштырып отуруп, кабат-кабат эшиктерди артка калтырып, жаңы бөйрөктүү болгон Нурболот менен атасы Рысбек Мамадалиев жаткан палатага кирдик. Башкаларды билбейм, мен эрди кеберсип, көздөрү киртийген жигит менен керебетте керсары болуп жаткан кишини элестетип келе жаттым.

© Sputnik / Табылды КадырбековРысбек уулу Нурболот 22 жашта, үйдүн жалгыз уулу
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Рысбек уулу Нурболот 22 жашта, үйдүн жалгыз уулу

Жолдон кадимки бөйрөктү биринчи адамдан сааттаган операция менен алып, экинчисине — такыр эле башка денеге жалгаган дарыгерлер кошулду.

Палатада бизди жылмайган улан менен арыкчырай кара тору киши тосуп алды. Элестетип келе жаткан картинам өзгөрө түштү. Бала ордунан туруп, дарыгерлер менен учурашып, анан оңдоно керебетине отурду.

"Азамат, биз кеп кылып жаткан ушул жигит", — деди биз менен кирген Узакбаев.

Аталган борбордун Урология бөлүмүнүн жетекчиси Болот Эсембаев бөйрөктү атасынан алып баласына салуу процесси алты саатка созулганын айтып берди.

"Бригадабызда 10 чакты хирург бар. Үчөөбүз реципиентке (Нурболотко — ред.) отурдук, төртөөбүз донорду (атасын — ред.) жасадык. Андан сырткары, анестезиологдор, реаниматологдор, медайымдар болду. Кудайга шүгүр, азыр экөөнүн тең акыбалы жакшы, жыйынтыгын көрүп өзүбүз да жеңилдеп калдык", — деди Эсембаев.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭнени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордогу трансплантация кылган дарыгерлердин бөлүгү
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордогу трансплантация кылган дарыгерлердин бөлүгү

Дарыгерлер алгач донор Мамадалиевдин бөйрөгүн алып, андан соң органды тазалап жууп бүткүчө, үч саатка чукул убакыт жумшалган. Андан кийин бейтапка салганга да ошончо убакыт сарпталган. Дарыгер баш-аягы 6 саатта жигитти жаңы бөйрөктүү кылышканын айтты.

Донор — атасы

Баарына көз салып, биздин ар бир кыймылыбызды баамдап турган атасына собол узаттык.

47 жаштагы Рысбек Мамадалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Итагар айылынын тургуну экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековДонор болгон атасы Рысбек Мамадалиев, жаңы бөйрөктүү болгон уулу Нурболот. Ата-балага операция 6 саатка жакын жасалган
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Донор болгон атасы Рысбек Мамадалиев, жаңы бөйрөктүү болгон уулу Нурболот. Ата-балага операция 6 саатка жакын жасалган

"Бир ай текшерүүдө болдук, 14-февралда уулум экөөбүз кудай деп операцияга кирдик. Дарыгерлерге ишеним, үмүт чоң эле. Кыязы ошол мага дем берди окшойт. Бөйрөгүмдү бергенден кийин бир күндөн кийин эле баса баштадым. Нурболотту үйлөнтүп, небере-чеберелүү болгум келет", — деди операцияны эстегенде дагы деле толкунданып кеткен атасы.

Илдетинин тарыхы

Биз палатага киргенде борбордун директору "пациенттин мындан аркы тагдыры анын колунда" деп ак халатчан дарыгерди көрсөттү.

Бөйрөгүн алмаштырган Нурболоттун тарыхы туурасында аны тестиер кезинен бери билген, Кыргызстандагы күчтүү нефрологдордун бири делген Насира Бейшебаева айтып берди.

"Нурболот бизге эң биринчи жолу 9 жашында өнөкөт гломерулонефрит синдрому менен оор абалда келип, бирок дарылап ооруканадан чыгарганбыз. Айыккандан кийин абайлап жүргөнгө маани бербей калган. Негизи бул илдет кишини билинбей жыгат. Анын үстүнө жашоо-шарттын абалы менен оор жумуш дартты күчөтүп жиберет. Нурболоттун окуясы ушундай", — деди Бейшебаева.

Эми алты айга чейин нефролог менен бөйрөктүү болгон адам жана донор тыгыз байланышта болуп, тамагынан тарта дарыларына чейин кеңешип ичип турат. Кыскасы, баары күнү-түнү Бейшебаеванын көзөмөлүндө болмокчу.

© Sputnik / Табылды КадырбековНефролог Насира Бейшебаева Нурболотту тогуз жашынан, бөйрөгү алгач ирет ооруп келгенден бери билет экен. Оору аларды кайрадан жолуктурду. Бул сапар пациент врачтын көзөмөлүндө көпкө болот
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Нефролог Насира Бейшебаева Нурболотту тогуз жашынан, бөйрөгү алгач ирет ооруп келгенден бери билет экен. Оору аларды кайрадан жолуктурду. Бул сапар пациент врачтын көзөмөлүндө көпкө болот

Иштейм деп кетип, илдетти күчөтүп келгенде...

Кеп кезеги ата-энесинин, 20 чакты медиктердин, дос-туугандарынын көңүл борборунда турган Нурболот Рысбек уулуна келди. Ал, албетте, жаңы бөйрөктүү кылган атасына, дарыгерлерге, акча жагынан колдоо көрсөткөн тууган-досторуна, жердештерине ыраазычылыгын айтты.

"9 жашымда суук тийгизип алып, дарылангам. 2015-жылы дагы бир ирет ооруп, анда Насира Айтбековна (Бейшебаева — ред.) карап, катарга кошкон. Кийин Москвага иштейм деп барып, ошол жактан козгоп алдым. Ооруганымды атам менен апам санааркайт деп айтпай, жашырып иштеп жүрө берип, өтүшүп кетиптир… Эми жаңы бөйрөктүү болуп ойгондум. Жеңилдеп, жаңы туулгандай болдум. Мурда ден соолугума кам көрбөй жаштык кылып жүрсөм, эми атамдын бөйрөгүн алгандан кийин түшүндүм. Эми анын бөйрөгүн багып, калыптандырып, атамды өзүмдөй болгон неберелүү кылуу милдети турат", — деди Нурболот.

6000 долларга алмаштырылган бөйрөк

Камчыбек Узакбаев Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо бөйрөк алмаштыруунун наркы 6000 доллар турарын айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭнени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев менен Кыргызстандагы күчтүү нефрологдордун бири, медицина илимдеринин доктору Насира Бейшебаева
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев менен Кыргызстандагы күчтүү нефрологдордун бири, медицина илимдеринин доктору Насира Бейшебаева

"Бизде бөйрөк алмаштыруу 6000 доллардын тегерегиндеги каражат болот. Пациент менен донор, мындан сырткары, бизде жок, бирок Алматыда иштеп жаткан лабораторияда ткандардын дал келүүсүн текшерген анализден өтүп келишет. Алматыда ткандардын дал келүүсүн текшерген анализ жасалат, алар 300-350 доллардын тегерегинде. Аны пациенттер өздөрү барып, тапшырып жатканда төлөйт", — деди Узакбаев.

Директор буга чейин аталган борбордо бөйрөк трансплантациясы 21 адамга жасалгандыгын айтып берди. Алардын ичинен экөөнүн органы бөйрөктү кабыл албай койсо, 19 адам азыр жаңы орган менен жашоосун улантып келе жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0