00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
2 мин
Будь в курсе
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мураскору боло алабы?
09:02
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
10:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 11:00
11:00
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте мындай болгон эмес! Москвадагы көк бөрүдө эл ипподромго батпай калды. Видео

Жазылуу
Көк бөрү күйөрмандары бир нече миң орундук ипподромго батпай, оюнду жерден көрүшкөн.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Москва шаарынын борбордук ипподромунда алгачкы жолу көк бөрү боюнча ири көргөзмө оюн өттү. Мелдешти мигранттар уюштурганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш кечээ, 24-февралда, өтүп, анда 4 команда — Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарынын оюнчулары күч сынашкан.

"Кыргызстандыктар алгачкы ирет Москванын борбордук ипподромунда кызыктуу оюн көргөздү. Келгендер абдан көп болду. Ипподром бир нече миң орунга ылайыкталган экен, күйөрмандар батпай, оюнду жерден көргөнгө туура келди. Мындай көрүнүш Бишкекте болгон эмес!" — деген ою менен бөлүштү Саматов.

Ал кошумчалагандай, улак тартыш таанышуу түрүндө өткөндүктөн жеңүүчүлөр аныкталган эмес.

Москвадагы көк бөрү оюнун түз алып көрсөткөн Facebook колдонуучу Надыр Мурас дагы мелдешке эл көп келгенин белгилеген.

"Оюн али баштала элек. Сыртта кире электер андан көп. Бүгүн кыргыздар ынтымагын, биримдигин, эли-жерин сүйгөнүн көрсөтөт. Бул жактагы тургундар менен ипподромдо иштегендер "көптөн бери эл мынчалык топтоло элек болчу" деп таң калып жатышат", — деп оюн алдындагы кадрды жүктөгөн.

Ал ошондой эле көк бөрүгө федерация, миграция, элчилик өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын ИИМ кызматкерлери келгенин кошумчалаган.

Ушул эле интернет колдонуучу дагы башка видеосунда оюндун жүрүшүн көрсөткөн.

Белгилей кетсек, оюн Көк бөрү боюнча эл аралык федерациясынын эрежеси менен өткөн.

Жакында эле креслодо отурган аткаминерлер ээрге минип, кагаз, калем кармаган журналисттер улак эңип көк бөрү талаасында күчүн сынашкан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0