00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В КР хотят снова разрешить кальяны: кто и зачем лоббирует возврат кальянов в кафе?
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргыз дипломатиясынын жеңиши — Кыргызстан БУУнун коопсуздук кеңешине шайланды
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Главные темы Евразийского форума и саммита Высшего совета ЕАЭС: о выгодах и новых уровнях торговли
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адис жумуртка кантип резинадай болуп каларын көрсөтүп берди. Видео

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖумуртка. Архив
Жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-февралда интернетке резинадай чоюлган жумуртка тууралуу видео тарагандан бери тиешелүү органдар арасында бир топ талаш-тартыштар жаралды.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жумуртка канткенде резинадай чоюлчаак болуп каларын «Ысык-Көл» тоок фермасынын директору Сталбек Мамбеталиев түшүндүрүп берди. Бул жөнүндө видеону өлкөнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбекова өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жүктөдү.

Эске салсак, 17-февраль күнү социалдык тармактарда өзүн Ош шаарынын тургунумун деп тааныштырган адам жумуртканын сарысы резинадай чоюлуп жатканын көрсөтүп берген видео тараган.

Бул окуядан кийин Канаттуу багуучулардын ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиев сапатсыз жумурткалар Өзбекстандан кириши мүмкүн деген оюн айтып, кийин бул пикирди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов төгүндөгөн. Жетекчи инспекция өз иликтөөсүн жүргүзгөнүн, жумурткалар Ошко Ысык-Көл облусунан барганы аныкталганын айткан.

"Мындан улам инспекциянын кызматкерлери 22-февраль күнү Ысык-Көл облусундагы "Ысык-Көл" тоок фермасына абал менен таанышуу үчүн бардык. Ал жерден ишкананын директору Сталбек Мамбеталиев кандай болгондо жумуртканын сарысы резинадай болуп каларын түшүндүрүп берди", — деди Садырбекова.

Жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда дагы резина жумуртка тууралуу видео тарады

Ал үчүн бир күнкү он чакты жумуртканы алып, жарымын тоңдургучка бир нече саатка салып коюшкан. Кийин тоңгон жумурткаларга белги коюп, бардыгын бир эле идишке салып бышырышкан.
Кадрларда көрүнүп тургандай, чындап эле тоңдурулган жумуртканын сарысы жылуу жерде тургандыкындай болуп ушаланып калбай, резинадай чоюлуп жатканын байкоого болот.

Садырбекова тоок фермасынын жетекчисинин сөзүнө шилтеме берип айтканына караганда, чуу салган видеодогу жумурткалар Ошко бара жатканда ашуулардагы сууктан тоңуп калышы ыктымал болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0