АКШда сот залында 47 жылга эркинен ажыраганын уккан айыпкер жактоочусун сабап салды. Бул тууралуу Sky News жазды.
Окуя Огайо штатындагы Кайахога округунда болгон. Кол салуу учуру полиция кызматкеринин униформасына тагылган камерага түшүп калган.
Дарыгерлер жактоочунун баш мээси чайкалып, мурду сынганын айтышты. Укук коргоочулар кылмышкерди сот залынан чыгарып кетишкен.
Маалыматка караганда, америкалык жаран үй-бүлөлүк зомбулукка жана өрт коюуга айыпталган.