Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. 20-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +1…+6, Талас облусунда 0…+2 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +2…+7 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көл аймагында +1…+3, Нарын облусунда -5…-7 градус суук болору айтылды.

Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы +4…+6, ал эми Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүн табы +5…+7 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0