Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүПоэт Евгений Евтушенко
Поэт Евгений Евтушенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Айтматовдун жазуучу катары калыптануусунда, дүйнөгө таанылуусунда классикалык орус адабиятынын, XIX кылымдагы орус жазуучуларынын орду өлчөөсүз чоң болгон.

"Толстой, Тургенев, Чехов, Горький же Шолохов. Алардан бизге бирдеме өттү, биз болсо аларга таянып андан ары жөнөшүбүз керек. Эмне өттү? Турмуштун ар түрдүү катмарын көрө билүү, ошонун ичинде эң жөнөкөй катмарын да көрө билүү жөндөмдүүлүгү", — деп айтат кыргыз жазуучусу. Мындай ойлорун ал ар дайым айтып келген.

Анын орустун классик жазуучулары тууралуу ойлорун, алар менен болгон чыгармачылык мамилелерин изилдеп, беш факты сунуштап турган чагыбыз.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун Пекинден табылган "баласы" жана Кытайдагы кадыры. 15 факты
Александр Пушкин. "Орус элинин улуттук аң-сезими болбогондо Пушкин — Пушкин болмок беле" деп улуу акындын чыгармаларынын элдик башатын жогору баалайт. 1987-жылы "Литературная газетага" Пушкиндин дүйнөдөн кайткандыгынын 150 жылдыгына карата "Мекендин улуу уулу" деген макаласын чыгарат. Анда улуу орус акыны Мекенин башкаларга таанытып, XIX кылымдагы орус адабиятынын өлбөс-өчпөс жылдыздарына – Толстойго, Достоевскийге, Тургеневге, Чеховго жол чаап, босогону аттап өткөнүн белгилейт. "Тутумдашуу түйүнү" деп аталган адабиятчы Виктор Левченко менен маегинде (1976): "Биз, албетте, Пушкин сыяктуу гениалдуу жазып жаткан эместирбиз",- деп акынды гениалдуу чыгармаларды жазган сүрөткер катары баалайт. Жаш кезинде ар бир эле жазган киши Пушкин менен Толстойдой көрүнө берчү деп айтканы бар. Ошол эле кезде жазуучулук столго отуруп жатып Пушкин же Толстой менен атаандашууну каалабасаң, анда баштабай эле койгонун оң деп, бул эки сүрөткерди чыгармачылыктын туу чокусу, ар бир калем кармаган адамдын идеалы катары баалайт. 

© Sputnik / Алексей СтефановМосквадагы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги
Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги

Лев Толстой. 1978-жылы Лев Николаевичтин туулган күнүнүн 150 жылдыгына карата "Нукура элдик жазуучу" деген макала жазып, анда Толстой тирүү кезинде эле классик болгонун, "турмуштун акылман Мугалими" экенин айтып, ага мындай баа берет: "Толстой — биздин доордун, келечектин жаңы көркөм жана адеп-ахлак маданиятынын жол башчыларынын бири деп айта алам. Анда батыштын жана чыгыштын көркөм салттары табигый ажырагыс бир чоң агымга бириккен, өзүнүн маңызы жана духу боюнча интернационалдык өтө сейрек учурай турган тарыхый-маданий кубулуш жаралган. Буга Толстойдун бүткүл дүйнөгө тийгизген таасири күбө". Бул, албетте, улуу орус карасөзчүсүнүн эмгегине берилген өтө таамай жана жогорку баа болгон. "Легенданын жаңырышы" деген Владимир Коркин менен маегинде (1976) Толстойдун "искусствонун адамдарды бириктирүүчү мааниси" оюн мисал катары алат. "Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт" деген 1978-жылдагы маегинде эгер азыр Толстой болгондо башкача чыгармаларды жазмактыгын, кептин баары ошол Толстойдун жоктугунда болуп жатканын айтат. Анын реализми "адам аң-сезиминин, адам рухунун поэзиясынын улуу дарыясы, ал бизди космикалык океанга, көз тайгылткан белгисиздикке, адам рухунун чексиз тереңдиктерине алып барат" деп өзү ошол реализмге канат сермеп жатканын ушул ойлор менен белгилеп кеткенсийт. 1987-жылкы А.Анастасьев менен маегинде ар бир жазуучу өзүнүн соборун курууну көксөй турганын, Лев Толстойдун андай собору "Согуш жана тынчтык" экенин айтат.

Писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун тиши өтпөгөн эки нерсе... Жазуучу жана Түркия тууралуу 17 факты
Федор Достоевский. Орустун улуу жазуучусу тууралуу 1971-жылы атайын пикирин айткан. Ал "Катаал реализм менен" деген ат менен "Правда" гезитине макала түрүндө басылган. Айтматов Достоевскийди "өз доорунун бактысыздыгынын бетин ачкан азыркы адамдар үчүн өтө керек сүрөткер" деп баалайт. Көп маектеринде, макалаларында, сүйлөгөн сөздөрүндө бул кишинин атын атап, анын катаал реализмин, психологизмин үйрөнгөнүн белгилейт. 1986-жылы жазган "Жазуучу дүйнөнүн жаңырыгы" деген макаласында: "Кезегинде Достоевский да сулуулук дүйнөнү сактай алабы же жокпу деген суроону коюп, толук түшүнүүгө аракеттенип көргөн экен",- деп бул ой азыр да күчүндө дейт. "Легенданын жаңырышы" деген Владимир Коркин менен маегинде (1976) Достоевский "Кылмыш жана жаза" романында криминалдык окуяларга зор маани бергенин айтып, Раскольниковдун образы тууралуу ой жүгүртөт. "Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт" маегинде (1978) искусствонун милдети катары ой жүгүртүп, Достоевскийдин "Жеткилең реализм менен адамдан адамды табууда" деген сөзүн цитата катары пайдаланат. Улуу орус жазуучусунун чыгармаларын бардык эле окурмандар колуна алып окууга даай бербейт, орус адабиятынын "бул генийи тарабынан түзүлгөн трагедиялуу дүйнөнү чындап кабылдоого бардык эле адамдын колунан келбейт", анын сөздөрү "өтө аянычтуу, көкүрөгүңдү куйкалап, көзүңө жаш толтурат" деп өзүнүн окурмандык ой толгоосун билдирип өтөт. Виктор Левченко менен "Бизди ойготкон китептер" деген маектешүүсүндө (1980): "Достоевский мен үчүн баягындай эмес, ал улам алдымда адабияттын алпына айланып барат, анын "прозасынын руху", анын сөзү мени эргитип, тынч алдырбай түйшөлтүп келет",- дейт. А.Анастасьев менен "Сөзүбүз кандай жаңырат" деген маегинде (1987): "Достоевский-сүрөткер — теңдешсиз жана кол жеткис кыл чоку, ал мен үчүн таптакыр табышмак",- деп белгилейт да "Идиот" романы тууралуу сөз кылат.

Иван Тургенов, Антон Чехов. XIX кылымдагы орус жазуучулары жөнүндө сөз кылганда бир нече жолу Тургеневдин, Чеховдун аты аталганын көрөбүз. Жазуучу алардын чыгармаларынан жаратылышты сүрөттөөдөгү конкреттүүлүктү, даталдарды ачып берүүдөгү кыскалыкты үйрөнгөн.

Николай Гоголь. Маектеринин биринде бул жазуучунун фантастикалык образдары тууралуу кеп кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0