00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаевдин экс-жан сакчысы суракка чакырылдыбы? Прокуратуранын жообу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТелохранитель президента КР Алмазбека Атамбаева Дамир Мусакеев
Телохранитель президента КР Алмазбека Атамбаева Дамир Мусакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогузунчу кызматтын мурдагы жетекчиси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, батир менчиктеп алды деп шектелип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Дамир Мусакеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди БАЭге болгон жеке сапарында коштоп барган. Кечээ күнү аны аскердик прокуратурага суракка чакырышты. Кечинде Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу чечимин чыгарды. Мындай маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook тармагындагы баракчасына жазды. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДамир Мусакеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-жак сакчысы
Атамбаевдин экс-жан сакчысы суракка чакырылдыбы? Прокуратуранын жообу - Sputnik Кыргызстан
Дамир Мусакеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-жак сакчысы

Эске салсак, Мусакеев кезегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон.

"Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат", — деп жазды Жолдубаева.

КСДП өкүлү эч кандай батир менчиктелбегендигин айтып, Мусакеевге коюлган доо юридикалык жактан келечеги жок деген маанайда жазган.

Икрамжан Илмиянов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
150 миң доллар алып тергөөнү токтотууга жардам берген. Илмияновдун иши
Sputnik Кыргызстан аталган маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Көзөмөл органынан Мусакеев Кылмыш кодексинин 320-беренеси боюнча (Кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген) шектелип, кабарлама тапшырылгандыгын айтышты.     

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн жетекчиси Дамир Мусакеев 2018-жылдын апрель айынын башында президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматынан бошотулган. Аны президент кезинде Алмазбек Атамбаев аталган кызматка 2016-жылдын 1-июнунда дайындаган.

УКМКнын 9-кызматы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилердин, стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугуна жооп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0