00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
МРТ в больницах, дороги в регионах - как работает ГЧП в Кыргызстане
18:08
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
“Шартсыз киреше” – бекерчиликти күчөтөбү же ишкерликке жол ачабы?
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Бывший муж, коммунальные долги и наследство - юрист о правах после развода и семейных конфликтов
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балалыкка канат тартуулаган борбор: “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору жаштарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатат?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аткаминер эски таштанды талаасы канча жылга чейин жабык болорун айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов
Бишкек шаардык санитардык полигон муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов калаанын эски таштанды талаасынын ордуна бак-дарактар отургузулуп, жашыл аймакка айланарын айтты.
Аткаминер эски таштанды талаасы канча жылга чейин жабык болоорун айтты

Эски таштанды талаасын жабуу жана топуракты калыбына келтирүү иштерине жалпысынан 1 миллион 593 миң евро каралган. Бул тууралуу Адилет Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эски таштанды таштоочу жайды жабуу жана ордуна сейил бак куруу иштери топуракты рекультивациялоо долбоорунун негизинде ишке ашканы турат.

"Эски таштанды талаасын жаап, жаңысын курууга бир жыл кетет. Буюрса, 2020-жылдын май айларында эски талаанын ордуна жаңы жашыл аймак пайда болот. Таштанды полигонун жабуу жана жаңы таштанды аймагын куруу долбоору 22 миллион еврого бааланган. Анын жарымы кайтарымсыз негизде, калганы насыяга берилген. Каражаттын 1 миллион 593 миң евросу жалпы аянты 27 гектарды ээлеген жашыл аймакты негиздөө үчүн бөлүнгөн. Бирок жаңы сейил бак убактылуу жабык болот. Анткени алгач экологдордун жана башка тийиштүү органдардын көзөмөлүндө болууга тийиш. Жашыл зона айлана-чөйрөгө, жашоочуларга зыяндуулугу жок деген бүтүм чыккандан кийин гана колдонууга берилет. Буга бак-дарактардын табигый өсүүсүн эсепке алуу менен 10 жылдай убакыт кетет", — деди Маматов.

Ошондой эле адис эски таштанды талаасын жашыл аймакка айландырууда тегиздетилген полигондун үстүнө өсүмдүктөр үчүн атайын топурак төгүлөрүн кошумчалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0