БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Кожобеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.