00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
On air
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
2 мин
Будь в курсе
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мураскору боло алабы?
09:02
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
10:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 11:00
11:00
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баатырбеков: Урмат Самаевдин атын күнөөсүн жашыргысы келгендер атоодо. Видео

Жазылуу
Аткезчилердин атышуусуна катышкан тараптар күнөөсү ачыкталып кетпесин деп "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урмат Самаевдин атын аташууда. Бул туурасында Sputnik агенттигине аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Ал окуя тууралуу угаары менен эле дароо кесиптешине чалып сүйлөшүп "эч кандай тиешем жок, эч жакка барган эмесмин" деген маалымат алганын айтат.

"Окуя көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон. Ал жерде видео байкоолор күнү-түнү иштейт. Эгерде биздин депутат ал жакка барганда же тиешеси болгондо көрүнмөк. Ал жерде Самаевдин бир алысыраак тууганы бар экен, ошол үчүн аны аралаштырып жатат го. Ким күнөөлүү экенин тергөө аныкташ керек. Бул жерде эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатат. Ошон үчүн "менин күнөөм чыгып калбасын" деген максатта саясатчылардын аты аталып жатат деп ойлойм", — деди Баатырбеков.

Аты аталган депутат өзү бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Журналисттер Самаевдин иш бөлмөсүнө барып да, телефон чалып да байланыша албай жатат. Белгисиз себептер менен дүйшөмбүдөн бери ишке чыга элек. Баатырбеков да анын эмнеге жумушка келбей жатканынан кабары жоктугун айтты. Ал эми анын "Чемпион" деген каймана аты бар экенин жашырган жок.

Чек арадагы атышуу: жабырлануучу өз версиясын айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы атышуу: жабырлануучу өз версиясын айтты. Видео
"Каймана аты болсо эле криминалга тиешеси бар деп сөзсүз түрдө жаман жагын ойлойбуз да. Спортчу балдардын баарынын каймана аты бар, мисалы, Алмаз Акун "Бөрү", Валентина Шевченко "Пуля" деп чыгат. Аны сыңары, Урмат Самаев да жаш кезинде "Чемпион" деп чыгып жүргөн. Ал бокс боюнча чемпион, машыктыруучу болгон бала. Каймана аты "Чемпион" экен деп эле криминалга тиешеси бар дегенден алыс болушубуз керек", — деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 26-январга караган түнү "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында контрабандачылардын атышуусу болгон. Буга шектүү катары эки адамды камакка алуу чечими чыккан. Бирок экөө тең ок жегенин айтып ооруканада жатат. Араздашкан тараптардын бири "Чемпион" деген каймана аты бар Жогорку Кеңештин депутаты жана анын жакындары экени айтылууда.

Учурда укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0