БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. 30-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда +8...+10, Талас өрөөнүндө +7…+9 градус жылуу болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын жергесинде -5…-10 градус суук болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +8...+10 градус болору болжолдонду.