00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тийише көрбөңүз! UFC уюмунда мушташкан чырайлуу кыздардын сүрөттөрү

© AP Photo / Rich PedroncelliБоец смешанных единоборств Пейдж ВанЗант
Боец смешанных единоборств Пейдж ВанЗант - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрежесиз эр урушка чыгып мушташып жаткандардын ичинен кээде чырайлуу кыздарды да кезиктирүүгө болот. Алар октагондо бири-бирин уруп-согуп, колу-бутун кайрып жаткан болот.

Sputnik Тажикистан агенттиги Мушкерлердин абсолюттук чемпионатына (UFC) чыккан чырайлуу 10 мушкер кыздын сүрөтүн чогулткан.

Полиана Виана

Бразилиялык мушкер Полиана Виананын карьерасы 2013-жылы башталган. Учурда 26 жашта.

Бүгүнкү күнгө чейин 12 ирет октагонго чыгып, 10 жолу жеңишке жеткен.

Пейдж Ванзант

Америкалык Пейдж Ванзант алгачкы жолу рингге 19 жашында чыккан. Ал биринчи беттешинен кийин UFC жылдызы аталган. Татынакай сымбаттуу келбети күйөрмандарды өзүнө тарткан.

Винзант жеңил салмак категориясы боюнча 12 кармаш өткөрүп, сегиз жолу жеңишти камсыздаган. Учурда ал 24 жашта, UFC менен келишим түзгөн, теленин да жылдызы болуп эфирлерге тынбай чыгып турат.

Валентина Шевченко

30 жаштагы кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталган.

Шевченконун октаганго чыгып мушташкандан башка өнөрүн көбү биле бербесе керек. Ал гитарада кол ойнотуп, сүрөттү мыкты тартат, тапанчаны таамай аткан талантка ээ. Ошондой эле дүйнө элдеринин бийин бийлейт.

Рэйчел Остович

27 жаштагы америкалык Рэйчел Остович UFC уюмундагы кыз-келиндердин эң эле сулуу жана сексуалдуу айымдарынын бири.

Анын ышкыбоздук ММА жаатындагы карьерасы 2010-жылы башталган. Үч жылдын ичинде Остович аралаш мушташ өнөрүндө чоң көрсөткүчтөргө жетип рекорд жасаган. Ал эми профессионалдык ММА беттешине биринчи ирет 2014-жылы Гавайиде чыккан.

Остович сегиз жолу октагондо мушташып, төрт ирет жеңишти камсыздаган.

Мишель Уотерсон

Мишель Уотерсон — тай тектүү америкалык спортчу, ММА мушкери. Жеке таймаштарга арналган бир нече шоуга катышып жүргөн. Мишель өзүн модель катары да сынап көргөн. Бирок ордун октагондогу мушташтан тапкан.

2013-2014-жылдары спортчу жеңил салмак категориясы боюнча дүйнөдөгү №1 балбан кыз аталган. 

Мишель 16 ирет беттеш өткөрсө, ону жеңиш менен аяктаган. Ал 10 жылдан бери спорт менен алектенет. Каратэ, ушу, муай тай, жиу-житсу менен да машыккан, фристайл боюнча кара курдун ээси.

Антонина Шевченко

Валентина Шевченконун сиңдиси Антонина жакында эле UFC уюмундагы мушкерлердин тизмесин толуктады. Ушуну менен ал дүйнөлүк деңгээлдеги беделдүү уюмга экинчи болуп кирди.

Алгачкы беттешинде түштүккореялык Жи Йон Ким менен күч сынашып жеңишти камсыздаган.

Антонино UFC уюмуна чыкканга чейин муай-тай боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Россиянын спорт чебери, бокс боюнча КРдин эл аралык класстагы спорт чебери болгон.

Жоанна Енджейчик

Польшалык спортчу Жоанна Енджейчик 31 жашта. Ал тай бокс боюнча ышкыбоздор арасындагы дүйнөнүн беш жолку жана Европанын төрт жолку чемпиону болгон.

UFC уюмунда кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясы боюнча күчүн сынап жүрөт. Спортчу 2012-жылы аралаш мушташ менен алектене баштаган.

Енджейчик UFC уюмунун расмий рейтинги (салмак категориясына карабай) боюнча 7-сапта турат.

Каролина Ковалькевич

Польшалык спортчу Каролина Ковалькевич өз салмак категориясы боюнча төртүнчү орунда турат.

Спортчу 33 жашта, 15 беттеш өткөрүп, 12 каршылашын утуп алган.

Роуз Намаюнас

Роуз Намаюнас — аралаш мушташ өнөрү менен машыккан америкалык мушкер. UFC уюмунда жеңил салмак категориясы боюнча чыгат.

Спорттогу карьерасы беш жашында башталып, ата-энеси аны таэквондого берген. Намаюнас жаштар арасындагы кара курду тогуз жашында алган.

Ышкыбооздук ММА жаатына 2010-жылы аралашып, 2013-жылдан тарта профессионалдык беттештерге чыга баштаган. Учурда 26 жашта.

Жулианна Пенья

Жулианна Пенья — аралаш мушташ менен алектенген америкалык спортчу. The Ultimate Fighter деп аталган спорттук реалити-шоуда жеңүүчү аталган биринчи айым.

Пенья профессионалдык ММА рингине 2009-жылы чыккан. Ал катары менен төрт атаандашын жер каратып, биринчи жолу 2012-жылы жеңилүү ызасын тарткан. Жалпы 11 беттеш өткөрүп, төртөөнө утулуп калган. Учурда 29 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0