Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда жеңил автоунаа күйүп кетти. Бул туурасында күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.
Анын айтымында, кырсык бүгүн, 26-январда, саат 14.00дөр чамасында Дача СУ айылы тарапта болгон.
“Окуя болгон жерде ӨКМдин жана милиция кызматкерлери иштеп жатты. Бизге эч ким жаракат албаганын айтышты. Өрт эмнеден улам чыкканы белгисиз”, — деди күбө.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча Lada Priora үлгүсүндөгү унаа күйгөнүн билдирди. Жаракат алгандар болгон жок, башка унааларга да зыян келтирилген эмес.