Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. 23-январь, шаршембиде, өлкөнүн көпчүлүк аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жана Талас өрөөнүндө —1…+4 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында —4…+1 градуска чейин жылыса, Ысык-Көл аймагында 0…-5, Нарын жергесинде —8…-13 градус суук болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +4…+6 градус, Бишкек шаарында +1…+3 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0