БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдына 30 журналист нааразычылыгын билдирип барды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, журналисттер 17-январь күнү "Ала-Тоо" аянтында өткөн митинг маалында милиция кызматкерлери тарабынан Next TV басылмасынын өкүлүнүн кармалышына нааразы болууда.
"Аталган порталдын журналисттери кесиптешин милиционерлер кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай кармап кеткенин айтышууда", — деди кабарчы.
Журналисттер менен Бишкек ШИИБдин жетекчиси Эрлан Атантаев жолугуп, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, митинг маалында иш алып баруу боюнча кеңеш бере кетти.
"Журналист митингдин катышуучуларындай эле элдин арасында уюлдук телефондун камерасына видео тартып жүргөн. Биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн автобуска салгандан кийин гана кызматтык күбөлүгүн көрсөттү", — деди Атантаев.
Кармалган журналистти Биринчи Май райондук милициясына алып барып, аты-жөнү такталгандан кийин кое беришкен.
Эске салсак, 17-январь күнү Бишкектеги борбордук аянтка 300гө чукул адам митингге чыккан. Алар кытай жарандарынын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине каршы болушкан.
Түштөн кийин да тарабаган элди жолду тосууга аракет кылды деген жүйө менен милиция кызматкерлери Киев көчөсүнө чейин сүрүп барып, 30дайын кармап автобустарга салып кетишкен. Саат 16.00гө чукул митингчилер тараган.