Вашингтондогу Даллес атындагы эл аралык аэропортто атасы кызынын күрмөсүнүн капюшонунан кармап алып, сыйгалак пол менен сүйрөп кетип бара жаткан учуру тартылып калган. Бул туурасында РИА Новости The Sun басылмасына шилтеме кылып берген.
Эркектин экинчи колу да бош эместигин, балдардын кийим-кечесин сала турган сумканы көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот.
Видео YouYube каналына жайгаштырылган.
Кыз эки колун бооруна алып сүйрөлүп алган, ал эми киши түптүз тейде басып бара жатат, анын артынан дагы бир тестиер ээрчип бара жатат. Ал атасынын улуу кызы деп боолголоого болот.
"Видеого пикирин жазгандардын бири "Кээде кичинекейлер айтканыңды укпайт. Көгөрүп туруп алган балдарга кандай ыкма колдоноруңду да билбейсиң. Мен бул жерден кызга зыян келтире турган эч нерсе көргөн жокмун", — деп жазган.
Эркек кишинин эки жакты, ал тургай кызын улам-улам кайрылып карабай, түптүз басып кетип бара жатканына караганда, кичинекейдин буга чейин "атасынын мазесин" алганын түкшүмөлдөөгө болот.