ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу сунушталды. Себеби

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВыдача полисов ОСАГО в Омске
Выдача полисов ОСАГО в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча ОСАГО полистерин берүүгө 9 камсыздандыруучу компания кызыкдар болуп жатат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. ОСАГО полисин албагандарды айыпка 7-августтан тарта жыгуу тууралуу токтом долбоору ушул жылдын февралында эле кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамфинкөзөмөлдүн аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов айтып берди.

Введение ОСАГО в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО: камсыздандыруу компанияларынын даректери жана телефондору
Эскерте кетсек, 7-февралдан баштап "Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тууралуу" мыйзам күчүнө кирет.

Байбосуновдун айтымында, мекеме унаа ээлерине 7-августка чейин убакыт берүүнү демилгелеп жатат. Долбоор министрликтер жана ведомстволордун макулдашуусуна жиберилип, коомдук талкууга коюлду. Ал эми башка мамлекетте катталган унаанын полиси жок ээсине 7-февралдан тарта эле айып пул чегерүү сунушталып жатат.

"7-августтан баштап Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери айдоочудан башка документтер менен бирге эле ОСАГО полисин да талап кыла алат. Узартуу мөөнөтү айдоочуларга шашпай, тынч камсыздандыруу компаниясын тандап, полис алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн берилүүдө. ЖКККББнын полис текшерүү процедурасына көз салабыз, бирок мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн же аны жокко чыгаруу ниетибиз жок", — деди ал.

Байбосунов Кыргызстанда ыктыярдуу камсыздандыруунун 100 түрү жана 5 милдеттүү түрү боюнча иш алып барган 16 компания бар экенин белгиледи.

"Булар көптөн бери иштеп келе жатышат. Арасында 2015-жылы түзүлгөн бир мамлекеттик уюм бар. Ал компаниянын 54 аймактык бөлүмү бар. Айрымдарыныкы экиден ашпайт. Бирок алар региондордо иштей турган адамдарды жумушка алып, агенттер атайын окуудан өтөт", — деди ал.

Байбосунов 9 компания кат жүзүндө ОСАГО полистерин берүү боюнча иштөө ниетин билдиргенин белгилеп өттү. Анын айтымында, компаниянын баарында бирдей тариф болот.

Камсыздандыруу полисинин базалык тарифи 1680 сомду түзөт. Бирок иш жүзүндө айдоочунун жаш курагына, тажрыйбасына, унаасынын үлгүсүнө жана жол кырсыктарынын санына карап эсептелмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0