БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. 8-январда республиканын көпчүлүк райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +2…+7 градуска жетет.
Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын өрөөнүндө —7…-12, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында кар жаап, абанын температурасы +5…+7 градус болушу болжолдонууда.