00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шеригин бычактап, башын бакчага ыргытып ийген... 90-жылдардагы кылмыштар

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда январь айында чыккан гезиттерди барактап, ошол кездеги чуулгандуу окуяларды тизмектейт.

Бул ирет Бишкекте журналистти сабаган погончондор, өгөй баласын өлтүргөн ата жана кылмыштуу топтун поезддеги окуясы сунушталат.

Аэропортко кол салган эргулдар

Төрт кылмышкер курал-жарагы жок эле келип аэропортко кол салган. Алар көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген коопсуздук кызматкерлеринин эки автоматын, үч тапанчасын тартып алып из жашырып кеткен. Буга чейин бир нече жолу мыйзам бузгандар бат эле укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. Сот аларды алты жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыраткан.

Шеригинин башын кесип…

Больница Делафонтейн в Сен-Дени возле Парижа - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздө таякталган 1,5 жаштагы наристе чарчап калды. Окуянын чоо-жайы
Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну өзүнүн подъездинде башы жок канжалап жаткан адамды көрүп милицияга билдирген. Ошол кезде бүт шаардыктарды дүрбөлөңгө салган окуяны укпагандар болгон эмес. Ал эми укук коргоо кызматкерлери кылмышкерди тез эле издеп тапкан. Тергөөнүн маалыматына ылайык, маркумду өзүнүн жакын таанышы эле мыкаачылык менен өлтүргөн. Жаңы жылдык майрамда мас болгон экөө алгач урушуп, мушташа кеткен. Андан соң шектүү үйүнөн бычак алып чыгып шеригин мууздап, башын үйдүн артындагы бакчага ыргытып жиберген.

Журналистти сабаган погончондор

Бишкекте кабарчы болуп иштеген адамды беш милиция кызматкери ортого алып катуу сабашкан. Эч себепсиз эле ур-токмокко алынган журналист өзүнүн кызматтык күбөлүгүн чөнтөгүнөн алып чыкканда гана погончондор тынчып калган. Кимди сабап жатканын баамдаган тартип сакчылары окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, бети-башы көгала болгон.

Поездге кол салган кылмыштуу топ

Зордук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Келинине кол салган кайнага сөрөй. Декабрдагы чуулуу окуялар
Сегиз адамдан турган кылмыштуу топ Чүй облусунда жүргүнчү ташыган поезддердин бирине кол салган. Бычак көтөргөн шектүүлөр сапарга чыккан адамдарды коркутуп баалуу буюм, акчаларын алмак. Бирок алардын ойлогону ишке ашпай, бат эле колго түшүрүлгөн. Аймактык милиционер менен иштешкен топтун мүчөлөрүнүн жарымы темир тор артына киргизилсе, калганы ооруканага жаткырылган.

Өгөй баласын өлтүргөн ата

Айдоочу болуп иштеген киши 35 жаштагы өгөй уулун өлтүрүп салган. Баласы эч жерде иштебегени аз келгенсип, мас болуп келип ата-энесине кол көтөрүп турган. Бир күнү өгөй атасын отургуч менен сабап, бычак ала жүгүргөн. Чыдамы кеткен ата аны бычактап тындым кылып койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0