Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Иссык-Кульской области
Природа Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 3-январда күн ачык болот. Айрым аймактарда кыска убакыт туман каптап турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй облусунда түнү аба —2… —7 градус, ал эми күндүзү 0…+5 болот.

Талас дубанында түнү термометр —3… —8 градусту, күндүзү 0…+5 градусту көрсөтөт.

Города мира. Шанхай - Sputnik Кыргызстан
Кытай: жердин силкинеринен кабар берчү система иштелип жатат
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнү 0…–5, күндүзү +2…+7 градус болот.

Нарын аймагында түнү термометр –16…–21ди, күндүзү —7… —12ни көрсөтөт.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнү 3-8 суук, күндүзү –2…+3 болот.

Ош калаасында түнү термометр –1…+1, күндүзү +2…+4 градусту көрсөтөт.

Борбор шаар Бишкекте түнкүсүн –2…–4, күндүзү +1…+3 жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0