Былтыр айдоочулар кайсы жол эрежесин көп бузган. Статистика

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиРейд УОБДД на автодороге Бишкек — Нарын — Торугарт
Рейд УОБДД на автодороге Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежесин бузуу 2017-жылга салыштырмалуу 217 миңге көп экени айтылды.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2018-жылдын 11 айында Кыргызстанда жол эрежеси 927 667 ирет бузулган. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 217 миңге көп экени айтылды. Ошондо орто эсеп менен алганда, саатына 117 ирет жол эрежесин бузуу болгон.

Айдоочулардун эң көп кетирген катасы — коопсуздук кемерин курчанбагандыгы болгон.

Айып короого 41 397 автоунаа коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0