Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк... Үрөй учурган жол кырсыктары

© пресс-служба УОБДД Чуйской областиДТП на автодороге Бишкек — Кордай
ДТП на автодороге Бишкек — Кордай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүкөнгө же жумушка чыгып эле кайра үйгө кайтпай калуу кандай коркунучтуу. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" дейт, бир ирмемде эле ата-энеден, бала-чакадан, жакын кишиден айрылып калышың мүмкүн экенин жыл ичинде болгон жол кырсыктары дагы бир ирет көрсөттү.

Sputnik Кыргызстан 2018-жылдагы жүрөк үшүн алган жолдогу окуяларды тизмектейт.

Мүрт кеткен айылдаштар

© Фото / пресс-служба МЧС КРКырсыктын кесепетинен төрт адам каза таап, үч киши жаракат алган
ДТП на автотрассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза таап, үч киши жаракат алган

Январдын 13үндө Бишкек — Ош унаа жолунун 253-чакырымында саат 14:00дөр чамасында күйүүчү май ташыган фура менен Opel Zafira кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза таап, үч киши жаракат алган. Кырсыктан көз жумгандардын тек-жайы такталгандан кийин алардын бир айылдан экени маалым болгон.

Дөңгөлөк алдында калган Аксыдагы мугалимдер

© Фото / УВД Джалал-Абадской областиЖол кырсыгынын курмандыгы болгон эки мугалим тең 30 жашта болчу. Окутуучулардын артында экиден балдары калды.
Автонаезд на четырех учителей в городе Кербен - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгынын курмандыгы болгон эки мугалим тең 30 жашта болчу. Окутуучулардын артында экиден балдары калды.

Жалал-Абаддын Аксы районунда 10-февраль күнү жергиликтүү мектептердин биринде иштеген төрт мугалим жыйындан чыгып үйлөрүнө бараткан жеринен унаа коюп кеткен. Окуя февралдын башында болгон. Бөөдө кырсыктан эки мугалим каза болуп, экөө ооруканага жаткырылган. Мугалимдерди Аксы РИИБинде иштеген милиция кызматкери коюп кеткен. Маалыматка караганда, кырсыктын курмандыгы болгон эки мугалим тең 30 жашта болчу. Окутуучулардын артында экиден балдары калды.

Апасынан айрылып бир буту жок калган бөбөк

Февралдын тогузунда Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда Элебесов көчөсүндө баласын көтөрүп, жолдун аркы өйүзүнө өтүүгө камынып турган келинди бус коюп кеткен. Аял кырсык болгон жерден мүрт кетип, наристе ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер ага дароо операция жасап, бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Апасы менен бир бутунан айрылган бөбөк 2 жашта гана болчу. Ал эми унаанын айдоочусу камакка алынып, ага карата 281-берененин экинчи бөлүгү ("Жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу") боюнча айып тагылган.

Тойго баратып жолдо жок болгон үй-бүлө

3-март күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында Honda Stepwgn менен Toyota Altezza үлгүсүндөгү унаалар кагышып төрт адам көз жумган. Кийинчерээк жол кырсыгында каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экени маалым болгон. Ал күнү небере кызы турмушка чыгып 60 жаштагы чоң ата, чоң апасы, келини жана 3 жаштагы небереси болуп Бишкектен Каракол шаарына үйлөнүү тойго бара жатышкан. Каза болгон үй-бүлө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылынын тургундары эле. Көз жумган келин ырчы Замир Арыкбаевдин бир тууган карындашы болуп чыккан.

Жалгыз уулунан айрылган ата-эне

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында 27 жаштагы үй ээси унаасын нейтралдуу абалда үйүнүн алдына токтотуп кирип кеткен учурда унаа артка карай жылып эки жаштагы баласын тебелеп, наристе ооруканада каза болгон.
Двухлетний ребенок скончался в результате наезда авто - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында 27 жаштагы үй ээси унаасын нейтралдуу абалда үйүнүн алдына токтотуп кирип кеткен учурда унаа артка карай жылып эки жаштагы баласын тебелеп, наристе ооруканада каза болгон.

Ош шаарында 27 жаштагы үй ээси Mersedes-Benz үлгүсүндѳгү унаасын нейтралдуу абалда үйүнүн алдына токтотуп кирип кеткен учурда унаа артка карай жылып эки жаштагы баласын тебелеп, наристе ооруканада каза болгон. Көрсөтмө берип жатып атасы таксист болуп иштей турганын, шашып келип, кайра эле кетүүнү пландаштырганын, унаасынын кол тормозун тартып коюуну унуткандыгын айткан. Бала үйдүн жалгыз уулу болчу.

Бир секундда "жок болгон" аялдамадагы келин

Апрель айынын башында Бишкектин Асанбай кичирайонунда 25 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай аялдамага кирип кетип, анда турган аялды сүзүп кеткен. Окуя таңкы саат алтылар чамасында катталып, келин ошол жерден жан берген.

КамАЗды сүзүп, андан соң өрттөнүп…

© пресс-служба УОБДД Чуйской области5-май күнү Бишкек — Кордай жолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан Lexus үлгүсүндөгү жол тандабас КамАЗды сүзүп, андан соң өрттөнүп кеткен.
ДТП на автодороге Бишкек — Кордай - Sputnik Кыргызстан
5-май күнү Бишкек — Кордай жолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан Lexus үлгүсүндөгү жол тандабас КамАЗды сүзүп, андан соң өрттөнүп кеткен.

5-май күнү Бишкек — Кордай жолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан Lexus үлгүсүндөгү жолтандабас КамАЗды сүзүп, андан соң өрттөнүп кеткен. Жолтандабастын айдоочусу каза болуп, аман калган төрт жашар бала менен эркек киши ооруканага жеткирилген.

Тамтыгы чыккан унаа, мүрт кеткен "Дүйнө сулуусу"

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиСания Шакирова 3-июнга караган түнү автокырсыктан көз жумган.
Гибель в ДТП Миссис Мира Сании Шакировой - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакирова 3-июнга караган түнү автокырсыктан көз жумган.

Miss Universe Beauty 2018 ("Аалам чүрөгү — 2018") эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган Сания Шакирова 3-июнга караган түнү автокырсыктан көз жумган. Маалым болгондой, Шакирова бараткан автоунаа Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы мүрзөнүн тосмосун сүзүп, ала салып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши козголуп, сулуунун өлүмүнө забын болгон айдоочу 10 жылга жатак абагына кесилген.

Беш кишинин өмүрүн алган Чүйдөгү кырсык

24-июлда эртең мененки саат 08.15терде Ивановка менен Ак-Сай (Бишкектен 20 чакырым аралыкта) айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталып, беш киши каза тапкан. Анда түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан Ford Transit үлгүсүндөгү кичиавтобустун 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Ал маңдайындагы келе жаткан Toyota Camry автоунаасын сүзгөн. Ford унаасынын айдоочусу ошол жерден мүрт кеткен.

Экиге бөлүнүп кеткен унаа, аман калган айдоочу

25-июль күнү Бишкектин Түштүк магистралында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги мамыны сүзүп, жыйынтыгында машина экиге бөлүнүп кеткен. Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү Mercedes-Benz унаасынын ичинде айдоочусу менен бир жүргүнчү болгонун, бирок экөө тең оор жаракат албаганын маалымдашкан.

Жардам берем деп…

© Фото / пресс-служба ОБДД УВД Нарынской области15-августта Кочкор районунда болжол менен таңкы саат 5.00дөрдө Audi комбайнды сүзүп алган.
ДТП в Кочкорском районе Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
15-августта Кочкор районунда болжол менен таңкы саат 5.00дөрдө Audi комбайнды сүзүп алган.

15-августта Кочкор районунда болжол менен таңкы саат 5.00дөрдө Audi комбайнды сүзүп алган. Жабырлануучуларга жардам берип жаткан айдоочуну катуу келе жаткан минивэн коюп кетип, жардам берген Volkswagen Passat менен Audi машинасынын айдоочусу көз жумган.

9 жаштагы баланы сүзүп, тебелеп кеткен маршрутка

17-августта Бишкекте №281 маршрутканын айдоочусу 9 жаштагы баланы сүзүп, кайра тебелеп кеткен. Тестиер ооруканага жеткирилип, бирок алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Көзү ачык кеткен наристе

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиКемин районунда кырсыктан үч айлык наристе менен айдоочу мүрт кеткен.
ДТП в Кеминском районе Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Кемин районунда кырсыктан үч айлык наристе менен айдоочу мүрт кеткен.

21-октябрь күнү Кемин районунда Mercedes-Benz менен Toyota Harrier автоунаалары кагышып, үч айлык наристе менен айдоочу мүрт кеткен. ЖКККББнын билдирмесине ылайык, айдоочу уктап кеткен.

Жубайлардын өмүрүн алган Ак-Суудагы окуя

Ноябрдын 25инде Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында тажыяга бараткан жубайлардын унаасы ала салып, сууга түшүп кеткен. Кырсыктан аялы менен күйөөсү каза болгон.

Беш кишинин өмүрүн алган Токмоктогу кандуу жол

16-декабрь күнү Токмокко жакын жерде, тагыраагы, Красная Речка менен Ивановка айылдарынан алыс эмес аймакта Toyota менен Volkswagen бетме-бет кагышып, унаанын бири күйүп кеткен. Кырсыктан беш адам мерт болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0