Кыргызстандык селки Малайзиядагы сулуулук сынагына катышууда. Сүрөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФинальный тур конкурса "Краса Казани -2010"
Финальный тур конкурса Краса Казани -2010 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш байге менен таажы үчүн 48 өлкөдөн келген сулуулар ат салышты.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстандык модель Керемет Космосбек кызы эл аралык Miss Tourism International — 2018 сынагына катышты. Бул тууралуу бьюти-сынактын Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Сынак 7-23-декабрь аралыгында Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өткөн. Баш байге менен таажы үчүн 48 өлкөдөн келген сулуулар ат салышты.

23-декабрда болгон сынактын финалында индонезиялык Астари Индах Вернидани жеңишке жетти.

Алдыңкы беш орунга Малайзия, Венесуэла, Австралия жана Чехиянын сулуулары илинди.

Керемет Космосбек кызы "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагына катышкан. Ал эл аралык деңгээлдеги конкурска биринчи жолу чыкты.

Былтыр ушул эле сынакка Кыргызстандын атынан Айгерим Абдраимова катышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0