Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПарк на Крестовском острове в Санкт-Петербурге
Парк на Крестовском острове в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 22-декабрда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта —2…+3 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көл аймагында —3…+2 жана Нарын жергесинде —3…-8 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте —1…+1, Ош шаарында +3…+5 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0