Монголияга чейин кеткен лампалар. Жалал-Абадда дагы эмнелер өндүрүлөт?

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул ирет Жалал-Абад облусу жөнүндө сөз болот.

Жалал-Абад облусунда сегиз район (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул), жети шаар (Токтогул, Кербен, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак), 68 айыл округу бар. Аймакта бир миллион 168 миң адам жашайт.

Өлкөнү жарык менен камсыз кылган ГЭСтер

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЖалал-Абад облусу өлкө аймагын электр энергиясы менен камсыздаган негизги чөлкөм болуп саналат
Гидроэлектростанции в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусу өлкө аймагын электр энергиясы менен камсыздаган негизги чөлкөм болуп саналат

Жалал-Абад облусу өлкө аймагын электр энергиясы менен камсыздаган негизги чөлкөм. Ал жакта Союз учурунда курулган беш ("Таш-Көмүр", "Үч-Коргон", "Күрп-Сай", "Токтогул" жана "Шамалды-Сай") ири гидроэлектростанция иштеп, ушул жылдын 11 айында 11 миллиард 154 миллион кВт саат электр энергиясын өндүргөн.

Кендин түрүн иштеткен ЖЧКлар

© Sputnik / Табылды КадырбековКен казуу менен алектенген ишканалардын арасында алтын, жез, күмүш, кремний, каолин чыгарган фирмалар да бар
Строительство завода по производству технического кремния в Таш-Кумыре - Sputnik Кыргызстан
Кен казуу менен алектенген ишканалардын арасында алтын, жез, күмүш, кремний, каолин чыгарган фирмалар да бар

Облус аймагында бир нече тоо-кен ишканасы иштейт. Анын арасында алтын, жез, күмүш, кремний, каолин чыгарган фирмалар да бар. Ошондой эле "Иштамберди", "Бозумчак", "Куру-Тегерек" өңдүү чоң кендеринде өндүрүштү жолго салган чет элдик компаниялар да жок эмес. Мисалы, бир ишкана 2017-жылы эле сегиз миң тоннадай жез, 41 миң унций алтын казып алган.

Нефть продукциялары

© Sputnik / Эмиль СадыровЖалал-Абаддагы бул ишкана нефть жана газ өндүрүшүн колго алган жалгыз компания
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы бул ишкана нефть жана газ өндүрүшүн колго алган жалгыз компания

Облус аймагында Кыргызстан боюнча нефть жана газ өндүрүшүн колго алган жападан жалгыз ири ишкана бар. Ал геологиялык чалгындоо, бургулоо, нефть, газ кудуктарын казуу жана кайра иштетүү менен алектенет. Завод даяр продукциясы менен Кочкор-Ата шаарын, Майлуу-Суу лампа заводун газ менен камсыздайт. Ал жакта 2200дөн ашык жумушчу эмгектенип, бир жылда 80 тоннага чейин нефть, 35 миллион кубга чейин газ өндүрөт.

Майлуу-Суунун белгилүү лампасы

© Sputnik / Табылды КадырбековМайуу-Суудагы заводдон жыл сайын 100 миллиондон ашык лампа даярдалып сатылат
Майлуу-Сууйский электроламповый завод - Sputnik Кыргызстан
Майуу-Суудагы заводдон жыл сайын 100 миллиондон ашык лампа даярдалып сатылат

Ишкана лампанын 100дөн ашык түрүн чыгарып, Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Грузия, Армения, Монголияга чейин экспорттойт. Заводдон жыл сайын 100 миллиондон ашык лампа даярдалып сатылат.

Кайра иштетилген продукциялар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЖалал-Абадда да сүт азыктарын кайра иштеткен, мөмө-жемиштерден шире жана азыктарды чыгарган чакан ишканалар арбын
Открытие частной сыроварни в Истринском районе - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда да сүт азыктарын кайра иштеткен, мөмө-жемиштерден шире жана азыктарды чыгарган чакан ишканалар арбын

Башка облустар сыяктуу Жалал-Абадда да сүт азыктарын кайра иштеткен, мөмө-жемиштерден шире жана азыктарды чыгарган чакан ишканалар арбын. Андан сырткары, фирмалар эт, ун, күрүч, өсүмдүк майы жана минералдык сууну ири көлөмдө сатыкка чыгарат.

Карп, сазан, форель

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүЖергиликтүү ишкерлер карп, сазан, форель балыктарын өстүрөт
Отлов рыбы в рыбном хозяйстве Волма - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү ишкерлер карп, сазан, форель балыктарын өстүрөт

Аймакта ондон ашык балык чарба өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Жергиликтүү ишкерлер карп, сазан, форель балыктарын өстүрөт. Алардын айрымдары бир жылда эле 250 тоннага чейин балыкты сатып киреше табат.

Атагы алыска тараган Токтогулдун балы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогулдун балы кимди гана тамшандырбайт...
Мед из Кыргызстана признан лучшим в мире - Sputnik Кыргызстан
Токтогулдун балы кимди гана тамшандырбайт...

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эле 700гө жакын балчы эмгектенет. Бийик тоолуу аймактагы ишкерлер бир мезгилде эле 700-800 тоннадай бал даярдап, учурда аймактагы экологиялык таза жана сапаттуу балды экспорттоого аракетин көрүүдө.

Тонналаган кара алтын

© Sputnik / Эмиль Садыров26 ишкана лицензия алып, он айда 114 миң 489 тоннадай кара алтын казган
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
26 ишкана лицензия алып, он айда 114 миң 489 тоннадай кара алтын казган

Облус аймагында көмүр кендери арбын. Аларды казуу үчүн 26 ишкана лицензия алып, он айда 114 миң 489 тоннадай кара алтын казган. Жеке фирмалар өлкөдөгү айрым аймактарды көмүр менен камсыздайт.

Маалыматтар аймактагы ишкерлер менен облустук администрациядан чогултулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0