БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы кыз-келиндердин үчтөн бири бойго болтурбоочу каражатты колдонбойт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Ага ылайык, орто билими бар аялдар жогорку билимдүүлөргө жана толук эмес орто билимге ээ болгондорго караганда коргоочу каражатты көп колдонот.
Андан сырткары, 15 жаштан 49 жашка чейинки шаардык кыз-келиндер (60,4 пайыз) бойго бүтүрбөөчү каражатты айыл жергесинде жашагандарга (62 пайыз) салыштырмалуу аз колдонушат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 15-25 жана 46-49 жаштагы аялдар бойго бүтүрбөөчү каражатты көп колдонушпайт.