Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Асель АкматалиеваСнегопад в Бишкеке
Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аймактарда карга айланган жаан жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. 16-декабрь күнү өлкө аймагында ала булут каптап турат, жер-жерлерде карга айланган жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймагында +5…+10 градус, Ысык-Көлдө +3…+8 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө 0…-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.

Ош шаарында күн ачык болуп, +8…+10 градуска чейин жылуу болмокчу. Бишкекте жамгыр жаап, абанын температурасы +1…+3 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0